Жогорку Кеңеште мурдагы төрага, академик Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 14-сентябрда, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы, кечээ айтылгандай, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, экинчи чакырылыштын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, мамлекеттик ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесин белгилөө менен башталды.

Мааракеге Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылган.

Абдыганы Эркебаев тууралуу документалдык фильм көрсөтүлдү.

Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, кесиптештери Эркебаевдин өмүр жолу тууралуу куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жогорку Кеңештин сессиясы андан ары улантылды.  

Сүрөттө: Абдыганы Эркебаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты