Жогорку Кеңеште коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 25-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Аталган мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: -жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу;
-коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу; коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.
Талкуулардан кийин мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Сүрөт: kenesh.kg