Жогорку Кеңеште башкы прокурордун отчету каралды
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 16-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында 2024-жылы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчету угулду.
Жыйында баяндама жасаган башкы прокурору Максат Асаналиев маалымат берди. Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 2024-жылы Ата-Түрк паркынын чек араларына байланыштуу маселе чечилгенин жана жаңы курулуштарга тыюу салынганын эске салып, бирок Башкы прокуратуранын имаратынын жанында бизнес-борбордун курулушу башталганын белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Элдар Абакиров Transparency International уюмунун коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 141-орундан 146-орунга түшүп кеткенин айтып, көптөгөн чет элдик инвесторлор эл аралык рейтингдерге таянып чечим кабыл аларын жүйө келтирди.
Депутат Арсланбек Эгембердиев мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди, анын ичинде мамлекеттик өнөр жай ишканаларынын мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрсө, депутат Алишер Козуев прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу маселесине токтолуп, айлык акыны жогорулатуу коррупцияны азайтуунун негизги факторлорунун бири экенин кошумчалады.
Депутат Айжигит Тыналиев сот органдарына өткөрүлгөн иштердин сапатына көңүл буруп, бул жагдай тергөөчүлөрдүн жетишсиз ишинин көрсөткүчү эмеспи деп кызыкты.
Камила Талиева балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы тууралуу сөз кылып: «Балдар жана өспүрүмдөр катышкан кайгылуу окуялардын түпкү себеби – жашы жете электерди билим берүү жана тарбиялоо системасындагы кемчиликтерге байланыштуу», — деген Камила Талиева жооптуу органдарды бул багытта алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
Эмил Токтошев мамлекетке кайтарылган мүлктөрү үчүн жарандарга компенсация төлөп берүү маселесин көтөрүп, мындай ченем КР Конституциясында бекитилгенин белгиледи.
Жыйынтыгында 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчету эске алынды.
Сүрөттө: баш прокурор Максат Асаналиев. kenesh.kg
