Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу үчүн кол топтой баштады

  • 10 месяцев мурун

Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу үчүн демилге тобу түзүлүп, кол топтой баштаганы айтылууда.

Азырынча ал топко кайсы депутаттар киргенин жана канча добуш топтолгону белгисиз. Өзүн өзү таркатуу үчүн кеминде 60 депутататтын колу топтолушу керек.

Ал эми кийинки жумада бул маселе парламент комитетинде каралары айтылууда. Парламентти ушул айдын аягында таркатуу пландалып жатканы да сөз болууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңеш саясий чечим кабыл алса, Боршайком ушул жылы парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу БШК төрагасы 2-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат парламенттин азыркы чыгарылышынын иштөө мөөнөтү 2026-жылы декабрда бүтөрүн, эмнеге коомдо мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө сөз болуп жатканын сурады. Эгер мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча чечим кабыл алынып калса, Боршайком буга даярбы деген суроо койду.

Шайназаровдун маалыматына караганда, БШК шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү жаңы шайлоо мыйзамына ылайыкташтырып жатат. Эгер парламент саясий чечим кабыл алса, шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

“Жогорку Кеңештин Конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябры, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин Жогорку Кеңеш гана кабыл алат. Ал эми шайлоону өткөрүүгө даярдык тууралуу айта турган болсок, жаңы мыйзамдын кабыл алынганына үч ай болду, оперативдүү иштеп жатабыз. Эгер парламент, саясий чечим кабыл алса, ар дайым шайлоого даяр болушубуз керек” деди Шайназаров.  

Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Бул тууралуу президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.  

Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты