Жогорку Кеңеш Улуттук банктын отчетун укту
- 3 недели мурун
Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп, жактырылды. Маалымат менен Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев тааныштырды.
Өз отчетунда ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына токтолду. Анын айтымында, 2024-жылы инфляциянын төмөндөшү байкалган, инфляциянын көрсөткүчү жыл башындагы 7,3%дан 6,3%га чейин түшкөн.
Талкуу маалында депутаттар Жайлообай Нышанов менен Марат Мураталиев коммерциялык банктарда насыянын үстөк пайызы кыйла жогору экенин белгилеп, муну көзөмөлгө алууга чакырышты.
Депутат Нилуфар Алимжанова керектөөчү насыя алгандардын саны өскөнүнө көңүл буруп, ишкердик, өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарына берилчү насыянын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтты.
Депутат Гуля Кожокулова чет элдик валютадагы операциялардан түшкөн пайданын төмөндөшүнүн себептерин сурап, туунду уюмдардын инвестицияларынан алынган кирешелер жөнүндө да маселе көтөрдү.
Дастанбек Жумабеков тобокелдиктин алдын алуу максатында Улуттук банктын активдерин стратегиялык долбоорлорго жумшоо жолун карап көрүүнү өтүндү.
Ал эми депутат Дастан Бекешев Улуттук банк кардарлардын укуктарын коргоп, кайрылууларга өз убагында жооп берүүгө жана санариптик туруктуулукту жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушу керектигин кошумчалады.
Сүрөт: kenesh.kg