Жогорку Кеңеш «Тамчы» финансылык- инвестициялык аймагын түзүү боюнча мыйзам долбоорлорун колдоду

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө», «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорлорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды.

Баяндамачы белгилегендей, «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзам долбоору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштыруу, инвестиция тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык финансылык стандарттарды жана жалпы укуктук принциптерди киргизүү максатында иштелип чыккан. 

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Улуттук банк жөнүндө жана “Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын иштөөсү үчүн укуктук негизди түзүүнүн алкагында даярдалган жана жөнгө салуунун өзгөчө тартибин белгилөөгө багытталган.

Сүрөттө: министр Бакыт Сыдыков. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты