Жогорку Кеңеш Талантбек Имановду санариптик өнүктүрүү министри кызматына бекитти

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 19-январдагы отурумунда санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановду бекитти.

Имановдун талапкерлигин 53 депутат колдосо, үчөө каршы добуш беришти.

Талант Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан.

Иманов кесиби боюнча юрист. 22 жашында «Дастан» заводуна кароолчу болуп жумушка орношкон. 2010-жылдан тартып «Газпром нефть Азия», «Улан», «Полигон» ишканаларында жетекчилик кызматты аркалаган. 2020-жылы мартта «Дастан» заводунун төрагасы болуп дайындалган.

Мындан тышкары журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты