Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды

  • 4 месяца мурун

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкууланып,  кабыл алынды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Талкуу маалында депутаттар Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар сунуштарын беришти.

2023-жылга бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор бюджеттин киреше бөлүгүнүн өзгөрүшү жана жаңы социалдык-маанилүү чыгаша демилгелерин кабыл алуу болду.

2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү экинчи окууга карата 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.

«Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда 2024-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты