Депутаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашууда

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 14-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап жатышат.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышууда.

Мыйзам долбоорлору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов берди.

2023-жылга бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор бюджеттин киреше бөлүгүнүн өзгөрүшү жана жаңы социалдык-маанилүү чыгаша демилгелерин кабыл алуу болду.

2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү экинчи окууга карата 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.

«Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда 2024-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

Жыйын «суроо-жооп» форматында өтүүдө.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты