Жогорку Кеңеш менен Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралы өз ара байланышты өнүктүрөт

  • 2 месяца мурун

27-февралда Жогорку Кеңештнин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол койду.

Меморандумда Жогорку Кеңеш менен Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген. 

Анын ичинен тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана эл аралык алкактагы байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуулар белгиленген. 

Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар 26-29-февраль күндөрү Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен болот.

27-февралда Гомбожын Занданшатар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.  Анда бир катар документтерге кол коюлду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты