Жогорку Кеңеш комитетинде калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору каралды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 20-январда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жөнүндө биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Примов, Камила Талиева, Чингиз Айдарбеков.
Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан. Ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы болууда.
Сүрөт: kenesh.kg