Жогорку Кеңеш депутаттары 18-29-мартта аймактарда шайлоочулар менен иштешет
- 11 месяцев мурун
Кечээ, 14-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоочулар менен иштөө жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңешинин депутаттарынын аймактарда шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү