Жо Байден менен Си Цзиньпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулады

  • 2 года мурун

АКШнын Президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин 18-мартта видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украинага кол салышы жана Бээжиндин позициясы жөнүндө сөз кылышты.

Ак үйдүн маалыматына караганда, сүйлөшүү эки сааттай созулду.

Сүйлөшүүнүн башка деталдары айтылган жок. Анын алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен брифинг учурунда Байден сүйлөшүүдө “эгер Кытай орус агрессиясына колдоо көрсөтсө анын арты оор болорун» эскертмек деп айткан.

Кытайдын тышкы иштер министри кабарлагандай, Си Цзинпин Байденге Украинадагы согуш тезирээк аякташы керектигин айтып, НАТО өлкөлөрүн Москва менен диалог курууга чакырган.

Сүрөт: ARP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты