ЖМК: Украинада орус тарапта согушкан 93 борбор азиялык каза болду

  • 11 месяцев мурун

Украинада Орусиянын тарабында согушкан Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34 жана Тажикстандын 40 жараны каза болду. Бул тууралуу «Би-Би-Синин» орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Материал «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттарына арналган. Анда Орусияда түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, абактан Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жакта каза болгон бир нече кыргызстандык жөнүндө жазылган.

Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөн. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.

2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.

Быйыл мартта Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Орусиядагы түрмөлөрдүн биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Каракалпакстандын Элликала районунун тургуну каза болгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, ал Орусия оккупациялап алган аймактардагы курулуш иштерине жөнөтүлүп, ал жерге снаряд түшкөндө мерт болгон.

Быйыл май айында Украинада Өзбекстандын дагы бир жараны каза болгону, ал согушка Орусиядагы түрмөдөн жөнөтүлгөнү кабарланган. Апасы ал согушка баргысы келбегенин, аны мажбурлап алып кетишкенин айткан.

Буга чейин «Азаттык» радиосу орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты