ЖМК тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу уюштурулду

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 14-апрелде, жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу уюштурулду. Мыйзам долбоорунда блогерлер маселесин да кошуш керектиги сунушталууда.

Анда маданият, маалымат, спорт жага жаштар министринин орун басары Марат Тагаев мыйзам долбоорун алып чыкты.

Журналист Семетей Аманбеков бул мыйзам долбоору ийне-жибине чейин талкууланганын айтты.

Govori.TV директору Кайыргүл Урумканова мыйзам долбоору эки жылдан ашык убакыттан бери каралып, оңдолуп-түздөлгөнүн билдирди. Азыркы вариант биринчисинен такыр башка вариант экенин, биргелешип иштешсек, ишеним артсак, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга адистерди тартсак чийки эмес, уят кылбаган компромистүү мыйзам долбоору даяр болгонун билдирди.  

Депутат Камила Талиева журналисттерден тышкары, блогерлер тууралуу да мыйзам долбоорунда каралышы керектигин айтты.

9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды жана кабыл алынды.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралууу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты