ЖМК: «Президент Жапаровдун уулунун достору Хабибула Абдукадырдын бизнес-өнөктөштөрү болуп чыкты»

OCCRP, Темиров Live жана «Клооп»  “Президент Жапаровдун уулунун достору Хабибулла Абдукадырдын бизнес-өнөктөштөрү болуп чыкты” аттуу иликтөө жарыялады.

Кыргызстандагы «Ыйман борбору» жана «Бишкек Сити борбору» аттуу эки курулуш долбоорунун инвестору контрабандалык жол менен миллиондогон киреше тапкан Хабибулла Абдукадыр.

Журналисттер 300 миллион доллар инвестиция салууга бел байлаган Хабибулла Абдукадырга жана анын долбоорлоруна президент Садыр Жапаровдун колдоо көрсөтүүсү өлкөдөгх инвестициялык маанайды жакшыртуу үчүн гана эместигин аныкташты.

Документтерде эки долбоорду тең башкара турган жаңы катталган компаниянын артында ким турганы белгилүү болду. Компаниянын ээлеринин бири — Абдукадырдын девелопердик компаниясы, ал эми экинчиси — ишкердик чөйрөдө да, курулушта да тажрыйбасы жок 25 жаштагы жигит. Ал — президенттин уулу Рустам Жапаровдун досу.

Эки долбоорду тең Абдукадырга таандык өзбекстандык Hyper Partners компаниясы ишке ашырат. Мамлекеттен жер алуу жана алты жылдык мөөнөткө салык жеңилдиктери үчүн Hyper Partners долбоорлорго 300 миллион доллардан кем эмес инвестиция салууга милдеттүү.

«ПолитКлиника» медиасы «Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсүндө “СК Девелопмент” компаниясынын айланасындагы күмөндүү жагдайларга президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун жана президенттин жакын адамы деп айтылып келген Арзыбек Буркановдун кандай байланышы бар экендигин аныктап чыккан.  

Сүрөт: Жеймс О’Брайен / OCCRP

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты