ЖМК боюнча маданият министрлигине 77 арыз түшкөн

  • 5 месяцев мурун

2023-жылдын 11 айында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн.

Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги жыйында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес жана тартипке ылайык толуктап иштеп чыгуу сунушу берилген. Бир арызды берген тарап чакыртып алган. Министрлик үч кайрылууну кароодон баш тарткан.

Үч кайрылуу боюнча kloop.kg жана nazarnews.kg сайттарынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги nazarnews.kg боюнча чыккан чечимин кайра кайтарып алганы белгилүү болду.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Мыйзам маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты