ЖКнын VI чакырылышынын депутаттары «Ала-Арча-1» резиденциясында чогулат
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн, 29-декабрда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында чогулат. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, экс-депутаттарды президент Садыр Жапаров резиденцияга сый тамакка чакырган.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте VII чакырылышка шайланып келген депутаттар ант берип жатышат. Ант берүү аземинен соң чакырылыштын төрагасын шайлоо күтүлүүдө.
Муну бөлүшүү