ЖККБ 14 млн сомго радар сатып алууга тендер жарыялады

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаалардын ылдамдыгын аныктоочу радар алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 20 радар сатып алуу үчүн 14 млн сом бөлүнгөн.

Радарлар ылдамдык режимин бузган автоунаалардын сүрөтүн сактап, ылдамдыктын көлөмүн, бузуу катталган убакытты жана жерин дагы аныктайт. Мындан тышкары унаанын туура эмес жерге токтотулганын, жол сызыктарын туура эмес кесип, тебелеп өткөнүн, жол чырактын кызыл жарыгынан өткөнүн, каршылаш тилкеге чыкканын так көрсөтүп берет. Радарлар караңгыда дагы иштейт. Андагы маалыматтарды кайгуул-күзөт инспекторлору өчүрө албайт. Аппаратты аралыктан башкарууга болот.

Тендерге арыз берүүнүн мөөнөтү 26-ноябрда аяктайт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып жүргөн автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 2019-жылдын 12-февралынан бери иштейт. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты