Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
8-сентябрдан тартып Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромский көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Чектөө аталган көчөлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалары айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




