ЖКда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, никаб кийүүгө башкача айтканда, жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салынат. Мындай эрежени бузгандарга 20 миң сом айып салынат. Бул эреже медициналык көрсөтмөлөргө ылайык, ошондой эле кызматтык иш жана жумуш боюнча бетин жаап жүрүүгө тиешелүү эмес.

Бул мыйзамга ылайык, үйлөрдү кыдырып, динди таңуулоого жана диний китеп, баракчаларды таратууга тыюу салынат. Бул эреже диний багыттагы объектилерди ичине камтыбайт, башкача айтканда мечиттерде жана церковдордо динге үгүтөөгө тыюу салынбайт.

Мындан тышкары диний негиздеги саясий партияларды жана башка саясий уюмдарды түзүүгө болбойт. Диний бирикмелер саясий иштерге катыша алышпайт. Мыйзамга ылайык, мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек.

Ошондой эле чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын аймагында жараксыз деп эсептелет.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты