ЖК төрагасы Тургунбек уулу Португалияда футбол кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин да талкуулады

  • 12 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин (ЖК) төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга иш сапарынын алкагында Порту шаарында жайгашкан футбол стадиону менен да таанышты.

Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат жарыяланды.  

Аталган спорттук жай 2004-жылы өткөн Европа чемпионатына карата 2001-жылы түптөлүп, 2003-жылы ишке берилген. Жалпы 52 миң адамга ылайыкташкан стадиондун курулушуна 100 млн еврого жакын каражат жумшалган. “Драган” же кыргызча айтканда ажыдаар аталашындагы спорттук жайда көптөгөн эл аралык мелдештер болуп, анын ичинен Европа чемпионатынан тышкары, улуттук лиганын финалы жана 2021-жылы белгилүү Манчестер Сити менен Челсинин клубдарынын соңку таймаштары өткөн. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, 2003-жылы башкы машыктыруучу Жозе Моуриньонун жетекчилиги менен “Порту” клубу Европалык футбол ассоциациялар союзунун (УЕФА) жана Португалия суперлигасынын негизги оюндарында жеңишке жетишкен.

Футболчуларга жана күйөрмандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, стадиондун жетекчилиги менен баарлашкан Төрага Кыргызстанда да акыркы жылдары спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. 

“Андыктан, биз үчүн Португалия мамлекетинин аталган маселеге байланышкан тажрыйбасы өтө маанилүү. Азыркы тапта Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири футболдук стадиондун курулушу жүрүүдө. Так эле “Драган” стадионундай 50 миңден ашуун адамга ылайыкташкан спорттук жай ишке берилсе, улуттук эле эмес, эл аралык мелдештерди жогорку деңгээлде уюштурууга өбөлгө түзүлөт” Тургунбек уулу.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун Португалиядагы иш сапары аяктап, бүгүн 3-июлда Бишкекке кайтып келди. Төрага аталган мамлекетке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты