ЖК төрагасы Шакиев Орусиядан Анкарага аттанды. ТүркПА жыйынына катышат

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 27-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркияга иш сапары менен барды. Төрага Шакиев Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов жана Айбек Осмонов бар. 

Буга чейин төрага Нурланбек Шакиев Орусияда иш сапарда болду.

Сүрөт: Анкара шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты