ЖК комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлору талкууланууда
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралууда.
Биргелешкен жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышууда.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралууда. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.
Аталган маселелер боюнча маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берди.
Мыйзам долбоорунда 2025-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана финансылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөрдү эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жыйынды кирешелерин 605 млрд 507 млн сом суммасында же ИДПнын 34% тактоо каралууда. Ал эми чыгашалардын көлөмү (финансылык активдерди эсепке албаганда) 590 млрд 100 млн сом же ИДПнын 33,2% деңгээлинде белгиленет. Бюджеттин профицити 15 млрд 406 млн сомду же ИДПнын 0,9% түзөт.
2026-2028-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлери: 2026-жылга жыйынды кирешелери – 551 млрд 207 млрд сом, жыйынды чыгашалары – 550 млрд 770 млн сом, профицити – 436 млн сом; 2027-жылга жыйынды кирешелери – 593 млрд 80 млн сом, жыйынды чыгашалары – 552 млрд 416 млн сом, профицити – 40 млрд 663 млн сом; 2028-жылга жыйынды кирешелери – 641 млрд 61 млн сом, жыйынды чыгашалары – 589 млрд 343 млн сом, профицити – 51 млрд 717 млн сом.
Сүрөт: kenesh.kg




