ЖК комитетинде эркектер менен аялдарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу мыйзам долбоору каралды
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айрым конституциялык мыйзам актыларына (Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө, Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, Министрлер Кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жана Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Алсак, конституциялык мыйзам долбоору тарабынан сотторду тандоодо беш жана андан көп бирдиктеги штаттык санга ээ сотторго гана гендердик өкүлчүлүктү сактоону караштырган сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө конституциялык мыйзамынын ченеми алынып салынууда.
Ошондой эле конституциялык мыйзам долбоору менен Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн түзүүдө гендердик өкүлчүлүк (бир жыныстагы адамдардын 70% ашпаган) жөнүндө талапты киргизүү сунушталууда.
Сүрөт: Парламенттин социадык саясат комитетинин жыйынынын видеосунан алынды