ЖК комитети ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-февралда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоору боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди.
Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору мурда жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан чакыртып алынып, жеткире иштелип чыккан жана макулдашылган вариант болуп саналат.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралууу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.
Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМК юстиция министрлиги менен санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.
Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.
Жаңы редакцияда маалымат каражаттарын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү.
Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.
Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн экени жазылган.
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык камтыган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса медиа жабылат.
2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан