ЖК комитети  тиш доктурда чарчап калган үч жашар кыздын ишин иликтөө боюнча министрликтин маалыматын укту

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Бишкектеги тиш доктурда чарчап калган үч жашар кыздын ишин иликтөө боюнча саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту.

Министрликте түзүлгөн комиссиянын төрагасы, Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева жеке клиникаларды текшерүү маселесине токтолуп, министрликтин бул багыттагы иш-аракеттерин тактады.  Ринат Мавланбай уулу окуя орун алган жеке клиника убактылуу жабылып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 2023-жылдын ноябрь, декабрь айларында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда текшерүү жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. 626 ишкер текшерилип, алардын 410унда лицензиясы болсо, калгандарына жок болуп чыккан. Анын натыйжасында 251 ишкерге 1,5 млн сом айып пул салынган.

Депутаттар окуя бир ай мурда болсо да териштирүү иштери жыйынтыктала электигин, кылмыш ишине тиешелүү дарыгерлер жоопкерчиликке тартылуусун айтты.  

Комитет жагдайды укук коргоо органдарынын териштирүүсүнөн кийин дагы карай турганы белгиленди.

Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын билдирди. Маалымат боюнча, милиция кызматкерлерине тапшырма берилип күбөлөр суралууда.

Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиши ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Сүрөттө: чарчап калган кыз, Алия Кубанычбекова. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты