Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 1 год мурун
Бүгүн, 28-сентябрындан тартып Жибек Жолу проспектисинин Осмонкула көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу транспорт үчүн жабылат. Бул чара жаңы көпүрөнүн курулушунун башталышына байланыштуу көрүлүүдө.
Жаңы көпүрө мурдагы эки тилкелүүдөн алты тилкеге чейин кеңейтилип, узундугу 25 метрди, ал эми туурасы 34,3 метрди түзөт. Ошондой эле, көпүрөнүн эки тарабына 3 метрден жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган.
Жолдун жабылышына байланыштуу төмөнкү автобус багыттарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлөт: №13, 35, 36, 40, 45, 48, 100, 101, 118, 169 жана 175.
Урматтуу шаар тургундары! Унаа тыгындарына кабылбаш үчүн маршруттарыңызды алдын ала пландап, альтернативалуу көчөлөр — У. Салиева, М. Жалил жана Фрунзе көчөлөрүн колдонуу сунушталат.












