Жибек Урустемованы өлтүргөн мурдагы күйөөсү өмүр бою эркинен ажыратылды
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту мурдагы милиция кызматкери Бакыт Урустемовду ажырашкан аялы Жибек Урустемованы өлтүрүү айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алды.
Ошондой эле жабыр тарткан тараптын пайдасына 1 миллион сом моралдык компенсация төлөп берүү милдеттендирилди.
Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, 23-декабрда жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атууга шектелген. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан. Анын артында үч баласы калды.
Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынган.
«ПолитКлиника» медиасы бул үрөйдү учурга кылмышта каза тапкан аялдын апасы жана сиңдисинен окуянын чоо-жайын сураган. Алар Бишкекте мурдагы милиция кызматкери ажырашкан аялын апасы жана баласынын көзүнчө тапанча менен атып салгандыгын айтып берген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев жаңы ажырашкан аялын атып өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин окуясынын чоо-жайын ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.
Күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн Жибек Урустемованын ишине байланыштуу эки милиция кызматкери кармалган.
Белгилүү болгондой, аталган кылмыш иши Ички иштер министрлигинен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) өндүрүшүнө алынган.
Кылмыш иши боюнча оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, кылмыш ишине өбөлгө болгон себептер жана шарттар аныкталган. Иликтөө көрсөткөндөй, каза болгон аялдын коргоо ордери болгонуна карабастан Бишкек шаарынын Свердлов районунун участкалык инспектору Ж.Н. өз мидетттерин так аткарган эмес, жабырлануучунун бир нече жолу кайрылганына карабастан, арыз ээсинин жана балдарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн эч кандай чара көргөн эмес. Андан дагы участкалык инспектор Ж.Н. оор кылмыш жасалгандан кийин кылмышка шектүүнүн жашаган жери боюнча чара көрүү актысын жасалмалап, арткы число менен акты толтуруп, мурда эч нерсе жасабаган аракетин жашыруунун камын көргөн.
Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору А.К. мыйзам бузуу менен айыпталуучуга травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксат берип, анын мөөнөтүн узартып турган.
2025-жылдын 29-декабрында, кылмыш жасалган учурда айыпталуучунун травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксат мөөнөтү өтүп кеткен. Башкы инспектор А.К. алып жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен тапанчаны алып коюу чараларын көргөн эмес.

Баш сүрөттө: Жибек Урустемова. Интернет булактарынан
Сүрөт: Жаңы ажырашкан күйөөсү Бакыт Урустемов




