Жети жаштагы кызды зордуктоого аракет жасоого шектүү камакка алынды
- 2 месяца мурун
Жети жаштагы кызды зордуктоого аракет жасоого шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (ИИББ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) «102» кызматына «Ак-Босого» жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде шектүүнү жергиликтүү тургундар кармап алышкан.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-(зордуктоого аракет жасоо) беренесине ылайык, кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Биринчи май РИИБ




