Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Шайлоо 2023-жылдын 8-октябрына, жекшемби күнгө белгиленди.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоого байланыштуу Министрлер кабинетине, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырмалар берилди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү