Жети-Өгүз районунда жер силкинди
- 2 года мурун
Бүгүн, 15-майда, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:00дө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү