Жергиликтүү соттордун түзүмүн жана судьялардын санын бекитүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга  кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 6-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл.

Кабыл алынган мыйзамда  өзгөртүүлөр — Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын административдик сотторунун судьяларынын штаттык санын жалпы юрисдикциядагы соттордогу судьялардын штаттык санынын кыскарышынын эсебинен көбөйтүү, төмөндөгүдөй тартипте каралган:

1) Бишкек шаарынын административдик соту 3 штаттык бирдиктен 5 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, анын карамагына Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунан 2 штаттык бирдик берилген;

2) Чүй облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 4 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук сотторунан 1 штаттык бирдиктен берилген;

3) Ош облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Кара-Суу райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген;

4) Жалал-Абад облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Базар-Коргон райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты