Жергиликтүү кеңештерде жаңы шайланган депутаттардын 42% аялдар түзөт
- 2 месяца мурун
17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын 42%ин аялдар түзөт.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Кыргызстандагы 33 шаардык жана 231 айылдык кенештерге жалпы 6384 депутат шайланды, анын ичинен 2538 (39,75%) аялдар. Шаардык кенештерде – 993 депутаттын ичинен 290 аял (29%), айылдык кенештерде – 5391 депутаттын ичинен 2248 аял (42%).
Эгерде 2019-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдар 9% болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 38%га чейин өскөн, ал эми 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо 42% болгон.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.
Иллюстрациялык сүрөт: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. 17-ноябрь. «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү