«Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт
- 4 месяца мурун
«Ынтымак» парламенттик фракциясы 24-июнда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
Баяндамачы — «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев болот.
Парламенттик угууларга катышуу үчүн мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү