Жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери кармалды

  • 9 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин сатышкан. Андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акты жазып беришкен.

Аталган жер тилкелери Жалал-Абад облусундагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды. Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.

Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген.

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты