Жерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

Жерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө жарлык  чыкты. Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Анда айтылгандай, мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштерге карабастан, мыйзам бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди ээлеп алуу, ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен кеңейтип алуу уланууда. Уюмдар, мекемелер жана ишканалар жерлерди ээлеп алууда.

Негизсиз тосуп алуу аркылуу мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери, жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды (автомобиль токтоочу жайларды) кылуу, гараж, күркө, дүкөнчөлөрдү (стационардык эмес объекттерди) жайгаштыруу, тосмо коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары болуп эсептелет.

Конституциянын 16, 66, 71-беренелерине ылайык, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бирге комплекстъъ чараларды иштеп чыгуу,  кадастрдык иштерди  жана башка тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча токтом кабыл алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты