Жер титирөө: Жалал-Абал облусунда катталды
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрелде саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү