Жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого шектүүлөр кармалды
- 12 месяцев мурун
Өзгөн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоодо жасалма документтерди түзүү жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди
Аталган кылмыш ишине 1969-жылы туулган И.А.У., 1986-жылы туулган Ю.К.М. жана Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы, 1980-жылы туулган З.К.Р. катышкан. Алар 2019-2021-жылдар аралыгында атайылап жасалма токтомдорду жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин түзүп, аларды Өзгөн районунун тиешелүү архивине, архитектура жана кадастр кызматтарына өткөрүп беришкен.
Жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22,4 гектар жер “Айыл чарба багытындагы” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланган.
Учурда аталган фактылар боюнча ыкчам-тергөө иштерин улантылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрүүдө.




