Жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады   

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) алкагында козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады.

Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын 581 жаранына 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагында жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилди.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз айыл аймагынын башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, кызматтарынан четтетилишкен.

Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат.

УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, мамлекеттик кызматчыларды өздөрүнүн түз функционалдык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга чакырат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты