Жер мунапысы мыйзамы Чүй облусунда терс көрүнүш менен коштолууда Кимдер кызматтан кетет?

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында мамлекет башчы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамда жер мунапысы жарыяланган. Жарандар жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. 

Бирок жыл жыйынтыгы менен президент бул мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи. 

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев мыйзамды ишке ашыруу боюнча жетиштүү чара көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген. 

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен кызматынан бошотулган.

Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган. 

Бул багытта ишти талаптагыдай алып барбагандыгы үчүн Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды. 

Мамлекет башчы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер мунапысынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. 

Сүрөт: Кеңешме учурунда. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты