Жер көчкүдөн улам Папуа – Жаңы Гвинеяда 300дөн ашык адам каза тапты

  • 2 месяца мурун

Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкүдөн улам 300дөн ашык киши каза тапты.

Бул тууралуу өлкөнүн парламентинин мүчөсү Аймос Акемдин сөзүнө шилтеме берип, Papua New Guinea Post Courier гезити билдирди.

Жер көчкү 24-майда жергиликтүү убакыт боюнчп түнкү саат 3:00дө Энга провинциясындагы Каокалам кыштагында болгон, ал өлкөнүн борбору Морсби шаарынан 600 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аталган гезиттин маалыматы боюнча, жер көчкү 1182 тамды бузуп кеткен. 

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, жер көчкүдөн кеминде алты кыштак жабыркаган жана 4000дей адам жабыркаган.  

Сүрөт: Reuters/Emmanuel Eralia

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты