ӨКМ: Жер көчкү жүргөн жерде казуу иштери токтотулду
- 1 год мурун
Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы «Как» тилкесинде «Минерал Прайм» ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү — болжолдуу 1 млн куб.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди
Мындан улам ӨКМдин Жумгал райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келбегенин такташты. Белгилей кетсек, аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду.
Аталган аймакка жер көчкү түшкөнү тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан
Муну бөлүшүү




