Женева университети магистратурада окууга стипендия жарыялады  

  • 2 года мурун

Женева университети 2022-2023-окуу жылына Европа жана эл аралык башкаруу боюнча магистратурада окуу үчүн стипендия жарыялайт.

Программанын ийгилиги жеке демөөрчүлөрдү окуу акысын жана Женевада жашоо чыгымдарын жабууга олуттуу салым кошкон 45 000 швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 толук стипендияны сунуштоого өбөлгө түзгөн. Мындан тышкары донорлор жашоо чыгымдарына салым катары быйыл 20 000 швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 кошумча стипендияны сунушташкан. Стипендиянын эки түрү тең программага байланыштуу чыгымдарды жабууга финансылык мүмкүнчүлүгү жок потенциалдуу катышуучулар үчүн сакталат.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул программанын катышуучулары окууну аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтууга милдеттүү.   

Программага катышууга жана стипендия алууга кызыкдар болгон талапкерлер тиркелген формада арыз толтуруп, ушул жылдын 8-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине жөнөтүүгө тийиш.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57

Электрондук почтасы: [email protected]

Сүрөттө: Женева университети. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты