Жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланган Ош шаарынын ИИБ кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ош шаардык прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ)  көптөгөн фактылары аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Ош шаардык ИИБдин кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан «Кылмыштын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон.

Бул аракет аркылуу алар кылмыштын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (суракпротоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна “илип”, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан.

Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.

Бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Ош шаардык ИИБнын кызмат адамдарына карата 9 кылмыш иши козголду.

Учурда Ош шаардык прокуратура тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты