Жээнбек Кулубаев Замбри Абдул Кадир менен жолугушту

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 3-июлда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министрлери саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев кыргыз-малайзиялык соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде айыл чарба продукциясын экспорттоо, санарип өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, жашыл экономика  жана халал индустриясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Замбри Абдул Кадыр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара урматтоого негизделгендигин баса белгилеп, малайзиялык тарап эки тараптуу форматта биргелешкен активдүү ишке, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле медицина жана билим берүү тармактарын өз ара аракеттенүүгө басым жасады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2-июлда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты