Жээнбек Кулубаев Кувейттин финансы министри Нура Сулейман Салим Аль-Фассам менен жолугушту
- 2 месяца мурун
20-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында, каржы министри, экономика жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министр Нура Сулейман Салим Аль-Фассам менен жолугушту.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, энергетика, туризм, логистика, азык-түлүк коопсуздугу жана кызыкчылык туудурган башка тармактарда өз ара кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулангандыгы айтылат.
Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берип, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурду.
Нура Сулейман Аль-Фассам Кувейттин эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстанга кувейттик инвестицияларды тартуу менен экономикалык дипломатиянын алкагында өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатууга жана кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты. Мындан тышкары тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү Жол картасын иштеп чыгууну келишишти.
Министр Жээнбек Кулубаев Кувейт мамлекетинде бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анын ичинде тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Сүрөт: mfa.gov.kg