ЖЕЭК жыйыны Президент Жапаровдун төрагалыгы алдында 27-майда өтөт

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы (ЖЕЭК) Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт.

Иш-чараны видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары ж.б.

Жыйынга Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель катышат.

2022-жыл ичинде Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты