Жеңиштин 81 жылдыгы: Бишкек шаарында бир катар иш-чаралар өтөт
- 1 неделя мурун
Жеңиштин 81 жылдыгынын урматына Бишкек шаарында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бүгүн, 6-майда, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта «Эскерүү оту» аттуу эл аралык акция өткөрүлдү. Бүгүн саат 11:00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Кызыл гвоздика — муундардын эсинде» аттуу сынак-фестивалдын гала-концерти башталды.
-Эртең, 7-майда, саат 10:00дө Юбилей көчөсү, 17 дарегиндеги «1941–1945» жана «Түбөлүк эскеребиз» эстеликтеринин жанында Жеңиш күнүнө арналган гүл коюу аземи болот;
-7-майда саат 10:00дө Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием өтөт;
-8-майда саат 11:00дө Жаш Гвардия көчөсү, 88 дарегинде (Маевкадагы маданият үйүнүн жанында) «1941–1945» эстелигинин алдында гүл коюу иш-чарасы өткөрүлөт;
-8-майда саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием болот;
-9-майда саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара өтөт;
-9-майда саат 11:00дө Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта «жоокер боткосу» берилет;
-10-майда саат 14:00дө «Диалог» аттуу шаардык маданият үйүндө «Биз эстейбиз» аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




