Жеңиш күнүнө карата: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жөлөк пул каралган
- 1 год мурун
2025-жылдын 9-май Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында, министрлик тарабынан жалпы суммасы 7,3 миллион сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул каралган.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Бир жолку төлөмдөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
— Улуу Ата Мекендик согуштун майыбына — 20 600 сомдон;
— согуштун катышуучуларына, концлагердин мурдагы жашы жете элек кездеги туткундарына жана “Ленинграддын коргоочусу” белгисинин ээлерине — 20 400 сомдон;
— согушта курман болгон жоокердин жесирине — 15 200 сом;
— Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда каармандык менен эмгектенип, СССРдин орден жана медалдары менен сыйлангандарга — 15 100 сомдон.
Министрлик бул төлөмдөр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тылдагы эмгекчилерди урматтоо максатында жыл сайын жүргүзүлөрүн белгилейт.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, согуштун 13 катышуучусу, майыптыгы бар бир адам, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек кезиндеги 7 туткуну, “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы жана “Блокадалык Ленинград тургуну” белгиси менен сыйланган 11 адам ар бири ай сайын 17 миң сомдон алышат.
Бул сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
— 7 000 сом — жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация;
— 3 000 сом өмүр бою берилүүчү президенттик стипендия;
— 7 000 сом – президенттик стипендияга үстөк акы.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, блокадачылар жана концлагерлердин туткундарын кошкондо 32 киши жашайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу жана майыптары жашайт. Жайыл районунда-3 ардагер, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда 3төн, Аламүдүн, Ат-Башы районунда, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда 1ден ардагер жашайт.
Ошондой эле республикада концлагердин мурдагы жашы жетпеген 7 туткуну жашайт: 5 адам – Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында бирден.
Мындан тышкары, 11 Ленинград блокадачысы: борбордо 9 адам, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында бирден адам жашайт.




